Шайлоо 17-ноябрь: дем алышта 7 шаардагы КТБ аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алат

01 ноября 2024

КР Борбордук шайлоо комиссиясы аралыктандобуш берүүнү каалашкан шайлоочуларданарыздарды кабыл алууга тартылган Калкты тейлөө борборлору дем алыш күндөрү – 2 жана 3-ноябрда саат 9.00дөн тартып саат 18.00гө чейин иштээринкабарлайт.

Сөз төмөнкү даректер боюнча жайгашкан 7 шаардагы КТБ жөнүндө жүрүп жатат:

Бишкек ш., Ч.Валиханов көчөсү, 2;
Ош ш..Касымбеков көчөсү, 8г/1;
Нарын ш., В.Ленин көчөсү, 39;
Джалал-Абад ш., Барпы Алыкулов көчөсү, 1;
Каракол ш., Гебзе көчөсү, 124;
Баткен ш., Мурат Салихов көчөсү, 33/1;
Талас ш., Дзержинский көчөсү, 28.

Бул КТБ ишин алдыда келе жаткан дем алыштажумушчу режимге которуу жөнүндө чечим «КР жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарыншайлоону дайындоо жөнүндө» КР Президентинин2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгынаткаруу максатында КР БШК жана КР Санариптикөнүктүрүү министрлиги менен биргеликте кабылалынган.

Аралыктан добуш берүүгө байланышкан бардыксуроолор боюнча тез линия – 1255 телефону боюнча чалууга болот.