Кыргызстандын аймактарында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүн окутуу жүрүп жатат
28 октября 2024
2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча 23-24-октябрда окуудан өткөн тренерлер азыр республика боюнча кесиптештерин өздөрү окутуп жатышат.
Болочок тренерлер үчүн тренингди КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги Т.Айтикеев, шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы Т.Темирканова жана шайлоону уюштуруу бѳлүмүнүн эксперттери А. Жунусова, А. Закиров, К. Берикбаева ѳткѳрүштү.
КР БШКнын онлайн жана оффлайн тренингдеринде тѳмѳнкү маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын 60тан ашык мүчөлөрү окутулду:
25-октябрдан 31-октябрга чейин шайлоо комиссияларынын окутулган мүчөлөрү жана тренерлер өздөрү облустардагы жана райондордогу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларындагы кесиптештерине Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген графикке ылайык маалымат беришет.
Шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү кеңсе буюмдары, укуктук жана методикалык адабияттардын толук пакети менен жабдылган («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, АШК жана УШКлар үчүн колдонмолор жана журналдар, АШК жана УШК үчүн жумушчу журналдар).