БШКда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу жүрүп жатат

23 октября 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окуу тренингдерин өткөрүүдө. Бүгүн БШКдажаңы шайлоо мыйзамдары боюнча машыктыргычтар үчүн тренинг өткөрүлдү. Иш-чарага Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан машыктыргычтар катышса, калган машыктыргычтар республиканын бардык аймактарынан онлайн режиминде катышты.

Окутуу белгиленген график боюнча жүргүзүлѳт жана ар кандай этаптарды камтыйт. Биринчи этапта КР БШК машыктыргычтар үчүн тренинг өткөрөт, алар андан ары аймактардагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутушат. Андан соң аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) жана участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) мүчөлөрү үчүн тренингдер өткөрүлөт.

Тренинг шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги аспектилерин камтыйт, анын ичинде:

• Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү

• Аралыктан добуш берүүгө арыз берүүнүн тартиби

• Шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруу

• Шайлоо участогун жабдуу

• Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн добуш берүүнү уюштуруу

• Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө

• Шайлоочулардан арыздарды кабыл алуунун тартиби

• Добуш берүүнү жайдан тышкары уюштуруу

• Добуш берүү күнүндө УШКнын иш-аракеттери

• Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө

• Шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү кеңсе жана усулдук каражаттар менен жабдылган («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарын өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, АШК жана УШКлар үчүн колдонмо жана журнал, АШК жана УШК үчүн жумушчу журналдар, ошондой эле бардык окуу материалдары электрондук форматта планшеттер аркылуу берилет).