«Үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери» боюнча ММК семинары

23 октября 2024

2024-жылдын 22-октябрында КР Борбордук шайлоо комиссиясы «Үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери» темасында онлайн-семинар өткөрдү. Иш-чаранын максаты – үгүттүн уруксат берилген формалары жана үгүт кампанияларын жөнгө салуучу укуктук ченемдер боюнча катышуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу. Семинарга үгүттөө жана маалымат берүү ишинде этика маселелери маанилүү болгон, шайлоо процесстерине катышкан медиа өкүлдөрү катышты.

Семинар үгүттүн формалары жана ыкмалары, салттуу жана санариптик байланыш каражаттарын колдонуу, ошондой эле үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана укуктук чектөөлөр боюнча негизги темаларды камтыды.

Программада медиакеңешчи Авланбек Жумабаевдин семинардын максаттары жана милдеттери тууралуу баяндамасы, ошондой эле КР БШКнын төрагасынын кеңешчиси Айнура Темирбекованын сөзү каралган. Негизги спикер катары КР БШКнын мүчөсү жана маалымат, арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев сүйлөдү. Ал үгүт учурунда этикалык нормаларды сактоо жана эрежелерди бузгандардын укуктук кесепеттери тууралуу кеңири маалымат берди.

Семинардын негизги темаларына шайлоочулар менен түз байланыш, интернетте жана социалдык тармактарда үгүт жүргүзүү, административдик ресурсту колдонууга тыюу салуу, ошондой эле ЖМКлардын нейтралдуулугу боюнча талаптар кирди. Катышуучулар суроо-жооп сессиясынын алкагында өз суроолорун бере алышты.

«Говори.тв» мультимедиялык басылмасынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова социалдык тармактарды активдүү колдонуучулардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу сунушун айтты. Ага жооп катары Узарбек Жылкыбаев КР БШКнын бул багыттагы иштери, анын ичинде медиа өкүлдөрү менен өткөрүлгөн төрт жолугушуусу, алардын экөө блогерлер менен өткөрлүгөндүгү тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле, лидерлик позицияда турган коомдук ишмерлер менен өз ара байланыш каналы түзүлүп, 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген КР жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоого катышкан саясий партиялар менен Меморандумга кол коюлгандыгы жөнүндө маалымдады.

Медиакеңешчи Авланбек Жумабаев жогоруда аталган Меморандумда белгиленген милдеттер боюнча социалдык тармактардагы үгүт эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөй турган, шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда социалдык тармактарды мониторинг кылуу боюнча кеңеш түзүлгөндүгү тууралуу айтты.

Блогер Тасиль Токтосунова саясий партиялар менен талапкерлерге массалык ЖМКлар тарабынан акысыз эфирдик убакыт жана аянтчалар берилиши боюнча суроо берип, спикерлерден толук жооп алды.

Семинар 1,5 саатка созулду. Онлайн-формат ар бир катышуучуга учурдагы маалыматтарды жана консультацияларды жумуштан же үйдөн чыкпай эле алуу мүмкүнчүлүгүн берди. КР БШКнын маалымат бөлүмү медиа өкүлдөрүн үгүт кампанияларын жүргүзүү боюнча билимдерин тереңдетүү жана шайлоо процессинде каталарга жол бербөө үчүн кийинки семинарларга катышууга чакырат.