Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады 5391 мандат үчүн 10452 талапкер ат салышууда

18 октября 2024

Республика боюнча 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган шайлоого катышуу үчүн айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү процесси аяктады.

Мандаттарынын жалпы саны 5391 болсо, жалпысынан 10452 адам айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин билдиришкен, анын ичинен 3888 - аялдар. 107 адам саясий партиялардан көрсөтүлгөн. Талапкерлердин көбү - өзүн өзү көрсөткөндөр (10 304 талапкер).

Мандаттардын жалпы санынын 2185и аялдарга арналган. Аялдар үчүн 30%дан кем эмес мандатты калтыруу мыйзам тарабынан жер-жердеги мыйзам чыгаруу органдарынын ишине аялдардын катышуусун жогорулатууну активдештирүү максатында киргизилген.

Шайлоо процессинин кийинки этабы – талапкерлердин документтерин текшерүү жана каттоо. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары 28-октябрга чейин талапкерлер тапшырган документтердин шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсүн текшерет. Паспорттун маалыматтарын, жарандыгын, каттоосун, соттолбогондугун жана башкаларды текшерүү ведомстволор аралык «Тундук» электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат.

2024-жылдын 17-ноябрында шайлоо 1259 шайлоо округундагы 231 айылдык кеңештерде өткөрүлөт.