Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катталган саясий партиялар шайлоо эрежелерин сактоо боюнча, анын ичинде социалдык тармактарда үгүт жүргүзүү боюнча партиялардын милдеттенмелерин бекемдеген Меморандумга кол коюшту
14 октября 2024
Кыргызстанда 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жалпысынан 39 саясий партия катышууда, алар 33 шаарга талапкерлердин тизмесин көрсөтүштү.
- 14-октябрда Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катталган 7 саясий партиянын 6 саясий партиялары: “Адилет”, “Жаңы күч – Новая сила”, “Социал-демократтар”, “Ынтымак”, “Эл үмүтү социалдык саясий партия”, «Эмгек партиясы» Меморандумга кол коюшту.
Ушундай эле меморандумга өлкөнүн 32 шаарында шайлоого катышкан саясий партиялардын ортосунда жакынкы аралыкта кол коюлат.
Меморандумга кол коюу КР БШК мүчөлөрүнүн, Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн, саясий партиялардын жетекчилеринин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүнүн, жарандык коом уюмдардын, ЖМКнын катышуусунда болуп ѳттү.
Алдыдагы шайлоого аттанган саясий партиялардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу демократиялык шайлоону эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Документке кол коюу менен талапкерлер өздѳрүнѳ милдеттенмелерди алышып, төмөнкүлөргө даяр экендигин ырасташты:
• шайлоо өнөктүгүн ачыктык жана өз ара урматтоо, жарандардын кызыкчылыктарынын жана укуктарынын артыкчылыктуулугу, мыйзамдын улуктугу принциптеринде жүргүзүүгө;
• катышып жаткан талапкерлер жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгѳ, саясий оппоненттер менен талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде ачык, коомдук талкууда чечүүгѳ;
• шайлоо процессинде этикалык жана моралдык нормаларды сактоого, ыплас технологияларды колдонбостон үгүт иштерин жүргүзүүгө жана бири-бирине карата чынчыл болууга;
• добуш берүүгө чейин жана добуш берүү күнү добуштарды сатып алууга ѳзүбүздүн жана өкүлдөрүбүздүн, ишенимдүү адамдарыбыздын, агитаторлорубуздун, туугандарыбыздын, досторубуздун, тааныштарыбыздын жана башка адамдардын катышуусуна жол бербөөгө, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, ошондой эле укук коргоо органдарына кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ;
• өз максаттарына жетүү үчүн административдик ресурсту, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынан пайдаланууну болтурбоого;
• жарандардын эркин билдирүүсүнѳ, добуш берүү жана добуштарын эсептөө эркиндигине укукка сыйбаган таасир этүүчү бардык аракеттерден четте болууга, ошондой эле добуш берүүнүн купуялуулугун бузбоого;
• аял-талапкерлердин шайлоо процессине катышуусун толук колдоого, маалыматтык-укуктук жардам көрсөтүүгѳ, аял-талапкерлердин мандаттан баш тартуусуна муктаждаган басмырлоонун жана кысымдын бардык түрлөрүнө жол бербөөгѳ;
• ачык-айкындуулуктун жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларын урматтоо принциптеринин негизинде таза жана акыйкат шайлоо өткөрүүгө ар тараптан көмөктѳшүүгѳ, шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын иштерине көмөк көрсөтүүгѳ;
• шайлоо өнөктүгүн шайлоо алдындагы жана андан кийинки мезгилде жагымдуу жана тынч жагдайга өбөлгө боло тургандай уюштурууга жана өткөрүүгѳ.
Белгилей кетсек, жарандарды маалымдоодо социалдык тармактардын маанилүү ролун түшүнүү менен саясий партиялар Меморандумга биринчи жолу киргизилген шайлоо өнөктүгү учурунда социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоого даяр экендиктерин билдиришти.
Ошентип, кол коюлган документке ылайык, талапкерлер жана алардын тарапташтары фейк баракчалардан алыс болуп, социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн социалдык тармактардагы расмий жана чыныгы аккаунттарды колдонууга; башка талапкерлердин жана партиялардын ар-намысына шек келтирген же жалган маалыматтарды камтыган басылмалардан алыс болууга; зордук-зомбулукка чакырыктарды, социалдык араздашуу коркунучун жана коомдук тартипти бузууга алып келген башка материалдарды ж.б. камтыган үгүт материалдарын таркатпоого ѳздѳрүнѳ милдеттенме алышты.
Саясий партияларга шайлоо практикасында биринчи жолу Меморандумда камтылган шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө үчүн шайлоо учурунда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү кеңеши түзүлөрү маалымдалган. Кеңештин курамына жалпыга маалымдоо каражаттарынын, журналисттик ассоциациялардын, блогерлердин, медиа-эксперттердин жана медиа уюмдардын өкүлдөрү кирет.

