Бардык региондордо БШК мүчөлөрү тарабынан аял талапкерлер үчүн тренингдер өткөрүлдү

14 октября 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-октябрдан тартып 13-октябрды кошуп алганда, бардык региондордо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүшкөн аялдарга маалымдоо боюнча иштерди жүргүзүштү.

Бул үчүн өлкөнүн төмөнкүдөй бардык региондору боюнча 14 жолугушуу-тренингдер уюштурулду:

Баткен областы – Баткен ш., Кадамжай ш.;
Ош областы – Ош ш., Гүлчө а.;
Жалал-Абад областы - Жалал-Абад ш., Таш-Көмүр ш.;
Талас областы – Талас ш., Кызыл-Адыр а.;
Нарын областы – Нарын ш., Кочкор а.;
Ыссык-Көл областы – Каракол ш., Бостери а.;
Чүй областы – Шопоков ш., Токмок ш.

КР БШК төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров, КР БШК мүчөлөрү:
Анара Дубанбаева, Искендер Гайпкулов, Абдыжапар Бекматов, Айдана Жупуева, Акбалык Жумалиева, Узарбек Жылкыбаев, Алтынбек Кубатбеков алдыда болуучу шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана депутаттыкка талапкер катары каттоого документтерди берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө, үгүттөөнүн эрежелери жана башкалар жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Тренингдин максаты шайлоого катышууга ниеттенишкен аялдарды колдоо болуп саналат.

  • аялдардын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу ишине активдүү катышуусун, анын ичинде алардын шайлоо органдарына – кеңештерге жана парламентке катышуусун колдойт. Бул үчүн бардык деңгээлдердеги шайлоо органдырына жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке аялдар үчүн резервделген мандаттар каралган.

Алсак, 17-ноябрда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоодо – шаардык да, айылдык да кеңештерге аял депутаттар үчүн квоталар каралган. Шаарларда талапкерлердин тизмелерин көрсөтүүдө партия 30% кем эмес аялдарды кароого милдеттүү. Тизмелер бул квотаны көрсөтүүдө гана эмес, шайлоодон кийин да бул квоталар сакталууга тийиш. Айылдык кеңештерге шайлоодо ар бир округда 30% кем эмес мандат аялдар үчүн резервделет.

БШК тарабынан берилген маалымат мыйзамдарда белгиленген эрежелердин негизинде аялдардын шайлоо кампанияларына ишенимдүү катышуусуна жардам берүүгө чакырылган.

Реформадан кийин 264 жергиликтүү кеңеш (33 шаардык жана 231 айылдык кеңеш) болду. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бардыгы 6384 депутат болот, алардын ичинен 993үшаарларда, 5391и айылдык кеңештерде. Өз кезегинде алардын ичинен аялдар үчүн 2185 мандат резервге калтырылган.

7-октябрда шаардык кеңештерге документтерди кабыл алуу аяктады. 39 партия талапкерлердин тизмелерине 33 шаардан көрсөтүштү. 5200 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 1838и же 36% аялдар. Айылдык кеңештерге документтерди кабыл алуу улантылып жатат (17.10.2024-ж.,саат 18:00гө чейин).

Аялдар үчүн тренингдерди КР БШК Өнүктүрүү саясаты иниституту тарабынан ишке ашырылып жаткан Борбордук Азия Жергиликтүү башкаруу академиясы менен биргеликте уюштурду.