АНОНС! Урматтуу 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү!
11 октября 2024
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди ушул темага арналган бир катар иш-чаралардын алкагындагы “Кыргызстанда шайлоо учурунда социалдык тармактарга мониторинг” аттуу семинарга катышууга чакырат, бул семинар ушул темага арналган иш-чаралардын бир бѳлүгү болуп саналат.
Семинар 14-октябрда 9:00-13-00 КР БШКнын имаратында Бишкек ш., Пушкина кѳч., 50 дарегинде ѳтѳт.
Семинардын жүрүшүндө алдыдагы шайлоого карата шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүнүн принциптерин белгилеген Меморандумга кол коюу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, семинардын катышуучулары шайлоо учурунда социалдык медиага байланыштуу тобокелдиктерди аныктоо жана четтетүү, мониторинг жүргүзүүдө биргелешкен ыкмаларды аныктоо, ошондой эле социалдык түйүндѳрдү терс пайдалануунун кесепеттерин азайтуу механизмдерин талкуулай алышат. Семинарда эл аралык эксперттер чыгып сүйлөп, бул жаатта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен ой бөлүшөт.
Семинарга бардык кызыкдар саясий партиялардын, жарандык коомдун, ЖМКнын өкүлдөрү, медиа-эксперттер, шайлоо мыйзамдары жана процесси жаатындагы адистер чакырылууда. Иш-чара Гуманитардык диалог борбору (Швейцария) менен биргеликте уюштурулган.
Катышууга байланыштуу бардык суроолор боюнча тел. 312-626-287,
312-620-150, e-mail-nurkyz@shailoo.gov.kg. боюнча кайрылса болот.