Аймактарда айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер аялдар үчүн тренингдер старт алды
09 октября 2024
Бүгүн 2024-жылдын 9-октябрында региондордогу аялдар үчүн тренингдер башталды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референлум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы менен биргеликте Өнүктүрүү саясаты институту тарабынан ишке ашырылып жаткан USAID «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун колдоосунун алдында аялдардын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер катары катышуусун активдештирүү маселелери боюнча кеңири масштабдуу маалыматтык кампанияны жүргүзүп жатат.
Биринчи жолугушуулар Ош жана Шопоков шаарларында өткөрүлдү.
КР БШКнын мүчөлөрү У.К. Жылкыбаев жана А.К. Жумалиева Ош облусунун Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондорунун аялдары менен жолугушту.
КР БШКнын мүчөсү А.Г. Бекматов Чүй облусунун Шопоков шаарында Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунун аялдары менен жолугушту.
КР БШКнын мүчөлөрү төмөнкү маселелер боюнча маалымат беришти:
•жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү;
•ким жергиликтүү кеңештердин депутаты боло алат?
•жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкердин статусу;
• жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлоого катышууну каалаган талапкерлер – аялдар кандай аракеттерди жана кайсы мөөнөттөрдө көрүүгө тийиш;
•документтерди берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жана д.у.с.
Эртең 10-октябрда маалыматтык жолугушуулар өткөрүлөт:
✓Гүльчө айылында Чоң-Алай жана Алай райондорунун аялдары үчүн,
✓Токмок шаарында Кемин, Чүй, Аламүдүн жана Ыссык-Ата райондорунун катышуучулары үчүн,
✓Таш-Көмүр шаарында Кербен, Майлы-Суу, Кара-Көл шаарларынын, Токтогул, Ала-Бука, Аксы райондоунун катышуучулары үчүн,
✓Нарын шаарында Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун жана Нарын шаарынын катышуучулары үчүн.
Урматтуу аялдар кошулуңуздар жана ушул семинарларда Сиздерди кызыктырган суроолорду бериңиздер. Сиздерди күтөбүз!
Тренингдерге катышуунун бардык маселелери боюнча +996 507 892 689 номери боюнча кайрылууну өтүнөбүз.
Иш-чараларды өткөрүүнүн графиги боюнча мында тааныша аласыздар: https://shailoo.gov.kg/ru/news/7558/