Минск шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик жыйыны өттү
03 октября 2024
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова Минск шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын башчыларынын Консультативдик кеңешинин үчүнчү жыйынына катышты.
Жыйынга Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Россиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын шайлоо органдарынын жетекчилери жана мүчөлөрү, КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын, Беларусь Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы алдында өткөн мезгилде аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, төрагалык Өзбекстан Республикасынан Беларусь Республикасына өткөрүлүп берилди. Катышуучулар эл аралык байкоону уюштуруунун заманбап ыкмалары боюнча пикир алышты, Консультативдик кеңештин биргелешкен билдирүүсүнүн долбоорун талкуулашты, ошондой эле Консультативдик кеңештин алдында коомдук жаштар комиссиясын түзүү жөнүндө жобону карашты.
Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн шайлоо органдарынын жетекчилери менен Беларусь Республикасынын Президенти А.Г.Лукашенконун жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Беларусь Президенти КМШга мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын башчыларынын Консультативдик кеңешинин эл аралык аянтча катары тажрыйба алмашуунун, шайлоолорду өткөрүүнүн бирдиктүү ыкмаларын жана принциптерин иштеп чыгуунун жана шайлоо өнөктүгүнүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Шайлоо ар бир өлкөнүн турмушундагы негизги саясий окуялардын бири болуп калды, шайлоону сапаттуу даярдоо, ачык-айкындуулук, тазалык саясий стабилдүүлүктү сактоого, коомдо тынчтыкты жана тартипти сактоого кепилдик берет.
Эл аралык шайлоо форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы “Шайлоо процессиндеги эл аралык стандарттар: тажрыйба жана өнүгүү келечеги” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты.
“Шайлоо процессин санариптештирүү: заманбап ыкмалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” аттуу сессияда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү И.Гаипкулов “Кыргыз Республикасындагы электрондук жана аралыктан добуш берүү: эксперименттен келечекке” аттуу баяндама жасады. Өз сөзүндө ал конференциянын катышуучуларына Кыргызстандын шайлоо системасы жана Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү шайлоолордо электрондук жана аралыктан добуш берүүнү тестирлөө жөнүндө айтып берди.
Пленардык жыйында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы “Кыргыз Республикасындагы шайлоо реформасынын учурдагы жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттери” тууралуу баяндама жасады.
Төрага өз сөзүндө Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин реформалоо жѳнүндѳ, шайлоо системасында шайлоочуларды каттоонун, добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгүн жана айкындуулугун камсыз кылуучу технологиялар, ошондой эле инклюзивдүүлүктү өркүндөтүү, шайлоону жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, шайлоонун укуктук маданияты, шайлоо процессинин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү тууралуу айтып берди..
Тѳрага Кыргызстанда колдонулуп жаткан санариптик технологиялар шайлоо системасын реформалоодо айырым маанилүү маселелерди чечиүүгѳ жардам бергенин белгиледи.
Бардык өлкөлөрдүн тигил же бул шайлоо системасынын калыптанышына таасир этүүчү өзүнүн маданий баалуулуктары жана тарыхый өзгөчөлүктөрү бар. Ошол эле учурда белгилүү бир эл аралык стандарттар бар, алар кандай гана жагдай болбосун сакталышы керек жана эркин жана ачык шайлоонун критерийи болуп кызмат кылуусу зарыл. Мындай стандарттардын эң кеңири жана толук топтомун камтыган КМШнын Демократиялык шайлоо стандарттары жөнүндө конвенциясынын маанилүү ролу баса белгиленди.
Конвенция КМШ өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарын өркүндөтүү үчүн жакшы негиз болуп кызмат кылууда.
Малымат иретинде:
КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын башчыларынын Консультативдик кеңешин (Консультативдик кеңеш) түзүү жөнүндө макулдашууга Астана шаарында 2022-жылдын 14-октябрында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында кол коюлган.
Консультативдик кеңештин курамына Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын борбордук шайлоо органдарынын жетекчилери кирет.
2024-жылдын 6-майынан баштап Казакстан Республикасы КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга кошулду.
Алгачкы эки жыйын Ташкентте (экинчи жыйын онлайн режиминде) Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы астында өткѳн.




















