Урматтуу шайлоочулар! Шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү тактап алыңыз

30 сентября 2024

2024-жылдын 28-сентябрынан 1-ноябрын кошуп алган мезгилге чейин шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү тактап алыңыз:

- 1255 же 119 кыска номурлары аркылуу;

- шайлоо участкасында;

- “tizme.gov.kg” сайтында;

- же 119 кыска номерине ПИНди - паспортуңуздагы жеке идентификациялык номериңизди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү аркылуу шайлоо участогуңуздун номерин жана дарегин ала аласыз (SMS билдирүүлөрдү жана чалууларды жөнөтүү акысыз).

Эгерде шайлоочулардын тизмесинде кандайдыр бир ката же так эместик аныкталса, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болуп чыксаңыз, сиз 2024-жылдын 1-ноябрын кошуп алганга чейин шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз, ага Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү тиркелет. Мындай учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арыз мыйзамда белгиленген тартипте авторлоштуруу менен электрондук форматта “tizme.gov.kg” сайтындагы “Шайлоочунун кабинети” кызматы аркылуу да берилиши мүмкүн. Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар бул жол-жободон өтүп, паспорттук маалыматтарын калкты тейлөө борборлорунан авторлоштура алышат.