Анонс!!! 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялар үчүн брифинг!
25 сентября 2024
Урматтуу саясий партиялардын лидерлери!
2024-жылдын 30-сентябрында саат 10:00 дө 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялар үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы брифинг өткөрүлөт.
Өткөрүү жайы: БШКнын имараты (Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50),
Брифингде Сиздерге төмөндөгү маселелер боюнча маалыматтар берилет:
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр;
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар кандай аракеттерди көрүш керек, кайсыл мөөнөттөргө чейин;
- Талапкерлердин тизмесин түзүүнүн тартиби;
- Шайлоо фонддорун түзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү ж.б..
Бардык суроолор боюнча төмөнкү байланыш телефондоруна кайрылсаңыздар болот: (0312) 62-01-50; 62-08-29, WhatsApp номер +996 552 577 977
Маалымат үчүн:
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык (мындан ары – Мыйзам), 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шаардык жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга, айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга берилет.
Шаардык кеңештердин депутаттарынын шайлоосу пропорционалдык системасы боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарынын шайлоосу мажоритардык системасы боюнча өткөрүлөт.
Саясий партиянын бирдиктүү шайлоо округуна же көп мандаттуу шайлоо округуна талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Талапкерлердин тизмесин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын областтык бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат.
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталып, 2024-жылдын
7-октябры саат 18:00гө чейин.
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо 2024-жылдын 18-октябрында аяктайт.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү
2024-жылдын 17-октябрында саат 18:00гө чейин, ал эми талапкерлерди каттоо 2024-жылдын 28-октябры саат 18:00гө чейин.
Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге көмөк көрсөтүү максатында
КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды.
Толук маалыматты БШКнын сайтынан төмөнкү шилтемеден биле аласыз: https://www.shailoo.gov.kg/kg/17-noy-2024-g-vyb-dep-mestnyh-keneshej/
Кыргыз Республикасын санариптештирүү саясатынын алкагында калыстыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу максатында тадапкерлерди каттоо үчүн «Электрондук талапкер» программасы ийгиликтүү киргизилген, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Талапкерлердин маалыматтарынын мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат (паспорттогу маалыматтары (катталгандыгы), КР жарандыгы (СӨМ), соттуулугунун жоктугу (ИИМ), орто билими бардыгы (ББжИМ) ж.б.).
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин, көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына басма сөз түрүндө жана электрондук маалымат каражаттарында. Талапкерлер жөнүндө маалыматтар талапкерлер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан да Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасына электрондук машина окуй турган түрдө киргизилиши керек.
