КР БШКнын 2024-жылы 23 - сентябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

23 сентября 2024

Өткөрүү датасы: 23-сентябры 2024-ж.

Убактысы: 15:30

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1.2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө.

2.2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин жана Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №17 токтому менен бекитилген Ош облусунун Алай районунун Тилектеш айылдык аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №15 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун кээ бир шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №15 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Ноокен районун Бүргөндү-Достук шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

6. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №3258 жана № 3259 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом долбоору

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

7. Ысык-Кѳл облусундагы Ысык-Кѳл районунун №3029, №3021, №3022, №3043 участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом долбоору

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

8. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагындагы № 7172 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

9. Нарын облусунун Кочкор районунун №4131, 4141 жана №4153 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

10. Аламүдүн, Ысык-Ата, Ак-Суу, Жумгал, Баткен шаардык, Баткен,
Ат-Башы, Таш-Көмүр, Ноокен, Нарын шаардык жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Мырзакматова Э.Т., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)

11. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 41 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

12. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

13. Ар кандай маселелер