№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун бюллетендери даярдалды

16 сентября 2024

2024-жылдын 16-сентябрында, 2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого бюллетендерин даярдоо иштери аяктады.

Ушул эле күнү даярдалган бюлеттендерди өткөрүп берүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага БШКнын тѳрагасынын орун басарлары Т.Шайназаров, Н.Койчукеев, КР БШК мүчөлөрү И.Гаипкулов, У.Жылкыбаев жана, «Учкун» ААКнын директорунун орун басары К.Бейшекеев, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ЖМК ѳкүлдѳрү ж.б катышты.

КР БШКнын башчысынын орун басары Т.Шайназаров ѳзүнүн сѳзүндѳ бюллетендерди сапаттуу жана ѳз учурунда даярдагандыгы үчүн «Учкун» ААКга ыраазычылык билдирди, мыйзамга ылайык добуш берүү күнүнѳ чейин 5 күн мурда басып чыгарылууга тийиш. Бюллетендер Сузак округунун шайлоо участкаларына жеткирилет.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, 124 570 шайлоо бюллетени даярдалды. Кыргыз тилинде 112 040, орус тилинде 12449 бюллетень, 81 бюллетень Брайль арибинде басылып чыкты.

Шайлоо бюллетендери жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүлүп берилди. Өз учурунда БШКнын өкүлдөрү акт боюнча бюллетендерди Сузак округдук шайлоо комиссиясына тапшырды.

«Учкун» ААКда шайлоо бюллетендерин даярдоо процессине туруктуу (күнү-түнү) мониторинг БШКнын мүчөлөрү жана БШК аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп турду. «Учкун» ААКсынын басмаканасында жабдуулардын комплектиси орнотулуп, анда Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн басылган бюллетендер сыноодон өткөрүлдү. Коопсуздукту УКМК менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери камсыздашты.

Белгилей кетсек, шайлоо бюллетендери жогорку деңгээлде корголгон. Алардын сырты автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) окуй алгыдай боёктор боелгон.

2024-жылдын 16-сентябрына карата №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны 124 429, анын ичинен 62 373 эркектер жана 62 056 аялдар же 50,13% жана 49,87%.

Ошондой эле, «Тизме» мамлекеттик порталында да шайлоочулар тууралуу тийиштүү маалыматтар жайгаштырылган. Ал аркылуу бардык каалочулар шайлоочулардын тизмелери жөнүндө керектүү маалыматты эркин жана тоскоолдуксуз ала алат.