Улуттук тазалык күнүнүн алкагындагы ишембиликке КР БШКнын жетекчилиги жана аппараты катышты

14 сентября 2024

Бүгүн, 14-сентябрда Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөн ишембиликке Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилиги жана мүчөлөрү, ошондой эле борбордук аппаратынын кызматкерлери катышты.

Жалпы республикалык ишембиликте «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынан баштап Кашка-Суу айылына чейинки аймак таштандылардан тазаланды, ошону менен туруктуу тазалыкты сактоого чоң салым кошууда.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” жарлыгына ылайык, Кыргызстанда жылына эки жолу ишембилик өткөрүлөт — апрель жана сентябрь айларында.

Жыл сайын сентябрдын үчүнчү ишембисинде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” экологиялык акциясы өткөрүлөт. Акциянын максаты - аймактарды таштандыдан тазалоо үчүн жалпы коомчулуктун, массалык маалымат каражаттарынын, мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрдүн аракеттерин бириктирүү.