Сузак округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады
27 августа 2024
2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады.
Бүгүнкү күндө жалпысынан 9 талапкер, анын ичинде 2 аял каттоодон ѳтүп, шайлоого катышууда.
15 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен, 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан жана бир талапкерди каттоодон баш тартылган
№13 Сузак шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси
Жакында Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин бюллетендеги иретин аныктоо, бекер эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак жана депутаттыкка талапкерлердин ортосунда Меморандумга кол коюу аземин өткөрөт.
БШК шайлоочуларга Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалымат менен “Талапкер” маалымат ресурсунан таанышууну сунуштайт.
Бул ресурстан шайлоочу ар бир талапкер тууралуу толук маалыматты, атап айтканда: талапкер тууралуу жалпы маалыматтарды, шайлоо программасы жана шайлоо фондунан түшкөн каражаттардын кыймылы тууралуу биле алат.
2024-жылдын 2-сентябрынан тартып эң активдүү этап – шайлоо өнөктүгү башталат, ал 2024-жылдын 21-сентябрында саат 8.00дө аяктайт.
