Жарыя: Борбордук шайлоо комиссиясы Сузак округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге окуу өткөрөт

26 августа 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 28-августунда депутаттыкка талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн окуу өткөрөт, шайлоо бюллетенинде кезектерин аныктоо, бекер эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрөт, ошондой эле 2024-жылдын

22-сентябрына дайындалган №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин ортосундагы меморандумга кол коюу жүргүзүлѳт.

Өтүүчү жери жана убактысы: Жалал-Абад облусу, Сузак айылы, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын имараты (кичи зал), саат 10:00дан 13:00га чейин.

Талапкерлерди жана алардын өкүлдөрүн окутуу төмөнкү темалар боюнча өткөрүлөт:

• бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

• шайлоо процессиндеги айкындуулуктун жана аныктыктын технологиялары;

• шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби;

• арыздарды, даттанууларды кароонун тартиби, юридикалык жоопкерчилик;

• шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери;

• бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун тартиби.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү байланыш телефондоруна кайрылсаңыздар болот: (0312) 66-01-16; 66-01-18.