КР Борбордук шайлоо комиссиясы А.Бердиевге Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшырды
23 августа 2024
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-августундагы жыйынында «Бутун Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Бердиев Аккулу Тагаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.