КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу аяктады

22 августа 2024

Бүгүн, 2024-жылы 22вгустунда саат 24.00дө 2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

2024-жылдын 22-августундагы саат 24.00гө карата абал боюнча 15 талапкер (12 – эркек, 3 – аял).

Бүгүнкүгө карата 15 талапкерден 6 талапкер катталды.

Ошону менен бирге, 4 талапкер шайлоого андан ары катышуудан баш тартты.

БШК конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү 2024-жылдын 25вгусту саат 18.00гө чейин төмөнкү документтердин толук пакетин БШКга тапшыруу керек экенин эске салат:

- өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен бекитилген формага ылайык, талапкер жөнүндө маалыматтарды;

- паспортунун көчүрмөсүн;

- жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;

- иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;

- бекитилген формага ылайык, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды;

- жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;

- шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.