КР БШК Сузак округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутууну өткөрдү

15 августа 2024

2024-жылдын 15-августунда КР БШК Сузак округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутууну өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы №204 Жарлыгына ылайык № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Сузак округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутуу бул шайлоонун спецификасын эске алуу менен шайлоо процессинин өзөктүү маселелери боюнча өттү. Бул максаттар үчүн КР БШК төмөнкүдөй темалар боюнча окутуучу модулдарды иштеп чыкты:

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

Округдук шайлоо комиссиясынын ишинин принциптери жана ыйгарым укуктары. КР БШКнын жумушчу топтору менен өз ара аракеттенүү;

Талапкерлердин шайлоо фондун түзүү тартиби, шайлоо күрөөсү, финансылык айкындык;

Шайлоо алдындагы үгүттү маалымдоо жана аны жүргүзүү тартиби. Шайлоо комиссиялары арыздарды, даттанууларды кароосунун тартиби;

Шайлоо комиссиялары бир мандаттуу шайлоо округубоюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөсүнүн тартиби.

Окутуу процесси шайлоо кампанияларынын мезгилинде болуп өткөн реалдуу учурлардан мисалдарды келтирүү менен тажрыйба жана билим алмашуу, суроо жана жооп нугунда өттү.