Борбордук шайлоо комиссиясы №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктап, Салымбеков Жумабек Мамытбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды

04 июля 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 4-июлунда №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктады.

Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 122 975 шайлоочу киргизилген.

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 5 талапкер катышты.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө 16 арыз жана даттануулар түшкөн (Шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко – 7, ЫЧКТга -9).

Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимдер №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдөгү даттануулардын жана бузуулардын реестринде чагылдырылган.

Даттануулар жана арыздар тууралуу маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-dep-zhk-kr-30-iyunya-2024/

БШКда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер органдарынын, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын өкүлдөрүнүн шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ келип түшкѳн билдирүүлөр жана маалыматтар боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтары угулду. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү мыйзам бузуулар жана/же мындай бузууларга талапкерлердин катыштыгы бар экендиги боюнча каралбай калган материалдар жок.

29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 3-июлундагы протоколуна ылайык, 2024-жылдын 30-июнунда добуш берүүгө 16 425 шайлоочу катышып, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 13,36%ын түздү.

Талапкерлер төмөнкүдөй добуштарды алышты:

  1. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич – 10623 добуш (64,68%);

  2. Сапарбаев Чынгыз Сатыбалдыевич – 780 добуш (4,75%);

  3. Турпанов Милан Калыбекович – 131 добуш (0,80%);

  4. Карамушкина Ирина Юрьевна – 1930 добуш (11,75%)

  5. Алмаз уулу Аскар – 2461 добуш (14,98%);

  6. “Баарына каршы” позициясы үчүн 376 шайлоочу добуш берди (2,29%).

№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 3-июлундагы протоколунун негизинде, ошондой эле укук коргоо органдарынын маалыматтарын эске алуу менен , Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй чечим кабыл алды:

- №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө;

- Салымбеков Жумабек Мамытбаевичти №29 Сверлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды.