Үч округ боюнча орун-жайдан тышкары 918 шайлоочу добуш берди

29 июня 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүндүгүн түзүп берүү өтүнүчү менен 993 шайлоочудан арыз түшкөн: №5 Ноокат шайлоо округу боюнча – 299, №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча - 100, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча – 594.

№5 Ноокат шайлоо округунда – 282 (94,31%) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 128;
  • майыптыгы барлар - 54;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 100.

Добуш берүүгө катышкан жок -17 шайлоочу;

№36 Ысык-Көл шайлоо округунда – 89 (89%) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 36;
  • майыптыгы барлар - 34;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу –19;

Добуш берүүгө катышкан жок – 11 шайлоочу.

№29 Свердлов шайлоо округунда – 547 (92,09%) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 190;
  • майыптыгы барлар - 87;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 272.

Добуш берүүгө катышкан жок – 47 шайлоочу.

Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоочулар добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албагандыктан алар добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүүгө укуктуу.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү