Үч бир мандаттуу шайлоо округдарында орун-жайдан тышкары добуш берүү жүрүп жатат

29 июня 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 29-июнунда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү жүрүп жатат.

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча 54 УШКнын 42не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 299 арыз түшкөн, алардын арасынан:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 135;
  • майыптыгы барлар - 55;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 109.

№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 61 УШКнын 12не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 100 арыз түшкөн, алардын арасынан:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 42;
  • майыптыгы барлар - 34;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу –24;

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча 60 УШКнын 43не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 594 арыз түшкөн, алардын арасынан:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 208;
  • майыптыгы барлар - 89;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 297.

Маалымат үчүн:

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү шайлоо күнүнө бир календарлык күн калганда, саат 8:00дөн 20:00гө чейин жана шайлоочунун шайлоо участогунан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана өткөрүлөт.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү