Үч округ боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн мүмкүндүк берүү жөнүндө шайлоочулардын жазуу түрүндөгү арыздарды кабыл алуу аяктады

28 июня 2024

2024-жылдын 27-июнунда КР Жогорку Кеңешинин депутатын №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн мүмкүндүк берүү жөнүндө шайлоочулардын жазуу түрүндөгү арыздарды кабыл алуу аяктады.

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча 54 УШКнын 42не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 299 арыз түшкөн, алардын арасынан:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 135;
  • майыптыгы барлар - 55;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 109.

№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 61 УШКнын 20на шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 100 арыз түшкөн, алардын арасынан:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 42;
  • майыптыгы барлар - 34;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу –24;

29 Свердлов шайлоо округу боюнча 60 УШКнын 43нө шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 594 арыз түшкөн, алардын арасынан:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 208;
  • майыптыгы барлар - 89;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 297.

Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоочулар добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албагандыктан алар добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүүгө укуктуу. Ошондой эле:

  • добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүү жана айыпталуучу катарында камакта жаткан шайлоочулар;
  • алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда убактылуу жашаган жана мал бакканы жайлоолорго кеткен шайлоочулар;
  • тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча өзгөчө учурларда;
  • добуш берүү күнү калктуу пункттардан алыс жайгашкан обочолонгон; жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;
  • шайлоо күнү нөөмөттө турган ички иштер органдарынын кызматкерлери;
  • үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканаларда иштеген шайлоочулар;
  • ротациялык негизде иштеген шайлоочулар.

Шайлоо күнүнө 2 күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы өзүнүн участкасында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү жөнүндө жазуу түрүндө арыз берген шайлоочулардын реестринилип коюуга тийиш.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүшайлоо күнүнө бир календарлык күн калганда, саат 8:00дөн 20:00гө чейин жана шайлоочунун шайлоо участогунан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана өткөрүлөт.

Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө 2 календарлык күндөн кечиктирбестен берилиши керек.