Үч округда депутаттарды шайлоо: Добуш берүү күнү «MEGA» жана «О!» уюлдук операторлору шайлоочуларга СМС чакырууларды жөнөтѳт

27 июня 2024

"MEGA" жана "О!" уюлдук операторлору тарабынан № 29 Свердлов, № 5 Ноокат жана № 36 Ысык-Көл шайлоо округдарынын шайлоочуларына 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү келип добуш берүүгө чакыруу менен СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жогоруда аталган округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочуларга маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын уюлдук байланыш операторлору “MEGA” (“Альфа Телеком” ЖАК), “О!” («НУР Телеком» ЖЧК) менен биргеликте ушул округдарда жашаган шайлоочуларга СМС билдирүүлөрдү жиберүү аркылуу төмөнкү мазмундагы маалыматтык билдирүүлөр жөнөтүлдү:

«Урматтуу шайлоочу! 30-июнь - Свердлов, Ноокат жана Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү! Добуш берүүгө катышып, татыктуусун тандаңыз!

1255 жана 119 кыска номурларына чалып, же ПИН-кодуңузду көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, өзүңүздүн шайлоо участогуңузду тактай аласыз. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы».