Үч округшда КР ЖК депутаттарын шайлоо: Бүгүн теледебаттардын акыркы күнү
27 июня 2024
Бүгүн, 2024-жылдын 27-июнунда №36 Ысык-Көл округунда жана №29 Свердлов округунда КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин теледебаттарынын акыркы күнү. №5 Ноокат округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин ортосундагы дебаттар үстүбүздөгү жылдын 26-июнунда аяктады.
Бүгүнкү дебаттардын графиги:
№29 Свердлов округу, УТРК, саат 22:15
-
Салымбеков Жумабек Мамытбаевич
-
Сапарбаев Чынгыз Сатыбалдыевич
-
Турпанов Милан Калыбекович
-
Алмаз уулу Аскар
-
Карамушкина Ирина Юрьевна
№36 Ысык-Кѳл округу, УТРК «Ысык-Кѳл ТВ», убактысы 20:45
1. Искаков Эртай Дуйшобекович
2.Турусбеков Бактыбек Сагындыкович
3.Тукунов Аманат Шакирбекович
4. Асипов Самат Баялиевич
Талапкерлердин ортосундагы дебаттар ѳткѳрүлгѳн чүчүкулакка жараша жүргүзүлѳт.
Дебат 3 раундга бөлүнгѳн:
Дебаттардын 1-раунду кириш сөз форматында өтүп, анда ар бир талапкерге 3 мүнөттөн убакыт берилет. Андан кийин дебаттын алып баруучусу ар бир талапкерге үчтөн суроо берет.
Дебаттардын 2-раунду – суроо-жооптор. Талапкерлер ар бир талапкердин шайлоо алдындагы программасы боюнча бири-бирине суроолорду беришет. Бул раунддун убактысы 8 мүнөт.
3-раунд – талапкерлердин шайлоочуларга кайрылуусу. Бул үчүн ар бир талапкерге 2 мүнөттөн убакыт бөлүнгөн.
Дебаттар шайлоо процессинин эң маанилүү этаптарынын бири болуп саналат, мында талапкерлер өздөрүнүн программаларын баяндашып, эгер шайланып калса өздөрүнүн максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып беришет, ошондой эле атаандаштарына конкреттүү суроолорду беришет. Ошентип, талапкерлер эфир аркылуу шайлоочулардын тандоосуна таасир эте алышат.
Депутаттыкка талапкерлердин азыркы талаш-тартыштары кызыктуу, айрым маселелерди активдүү талкуулоо менен ѳз ара урматтоо духунда ѳтүп жаткандыгын белгилѳѳ зарыл.
Борбордук теле кѳрсѳтүүдѳгү дебаттардан тышкары, талапкерлерге шайлоочуларга кайрылуу үчүн акысыз эфирдик убакыт бөлүндү.



