КР БШК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт
21 июня 2024
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлери! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору! Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм. Мамлекетке кызмат кылуу – талыкпаган ак ниет жана сапаттуу эмгекти, кесипкөйлүктү жана өз убагында туура чечимдерди кабыл алууну талап кылган ардактуу жана жооптуу милдет.
Сиздердин кыргыз мамлекеттүүлүгүн, мыйзамдын улуктугун жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган күнүмдүк иш-аракетиңиздер элибиздин бакубаттуулугунун өсүшүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине болгон сый-урматтын жана ишенимдин артышына өбөлгө болору шексиз. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана Кыргызстандын элине кызмат кылуудагы асыл жана жооптуу ишиңиздерде ийгиликтерди каалайбыз.
КР БШКнын жамааты
