КР БШКнын 2024-жылы 15 - июнунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15 июня 2024
Өткөрүү датасы: 15-июнь 2024-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. М.С. Топоевди №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атабек Дюшенович Мазымкановдун ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Сезим» майыптар коому коомдук фондун билдирүүсү жана коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Тыналиева Э., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
3. Ар кандай маселелер