№36 Ысык-Кѳл округунда КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуусу өтөт

12 июня 2024

2024-жылдын 17-июнунан тартып №36 Ысык-Кѳл округунда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн алкагында КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары өткөрүлөт.

Жолугушуулар Ысык-Кѳл округдук шайлоо комиссиясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөрүлөт.

№36 Ысык-Кѳл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 14 талапкер катталган.

Ысык-Кѳл округдук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин жолугушууларына төмөнкү график боюнча катышууга чакырат:

17.06.2024-жылы саат 10:00дѳ Ысык-Кѳл району, Ананьев айыл ѳкмѳтү, Маданият үйү, Ленина кѳч., 128;

17.06.2024-жылы саат 15:00дѳ Садыр-Аке айыл ѳкмѳтү, Шатенов атындагы маданият үйү. Садыр-Аке кѳчѳсѳү;

18.06.2024-жылы саат 10:00дѳ Чолпон-Ата ш., Маданият үйү, Мамытов кѳч., 79;

18.06.2024-жылы саат 15:00дѳ Кара-Ой айыл ѳкмѳтү, Маданият үйү, Совет кѳч., 131;

19.06.2024-жылы саат 10:00дѳ Тору-Айгыр айыл ѳкмѳтү, Маданият үйү, Кентибаев кѳч., 2;

20.06.2024-жылы саат 10:00дѳ .Балыкчы ш., Маданият үйү, Ж.Абдрахманов кѳч., №318;

21.06.2024-жылы саат 10:00дѳ Балыкчы ш., Маданият үйү, Ж.Абдрахманов кѳч., №318;

22.06.2024 года в 10:00дѳ Балыкчы ш., Маданият үйү, Ж.Абдрахманов кѳч., №318;

2024-жылдын 30-июну - №36 Ысык-Кѳл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү.

Талапкерлер тууралуу маалымат берүү максатында “УТРК Ысык-Кѳл” каналында дебаттар өткөрүлөт.

БШК шайлоочуларды “Талапкер” https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/okrg_candidate/1697/38 маалымат ресурсунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалымат менен таанышууга чакырат.