Бир мандаттуу үч шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштери башталды
10 июня 2024
2024-жылдын 10-июнунда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды.
Бүгүн, 10-июнда шайлоо өнөктүгүнүн эң активдүү этапы башталды – шайлоо алдындагы агитация. Ал 2024-жылдын 29-июнунда саат 8.00дө аяктайт.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 44 талапкер катышуу ниети тууралуу арыз берип, 12 талапкер катышуудан баш тартты, үч талапкердин каттоосу канааттандырылган жок.
Бүгүнкү күндө жалпысынан 29 талапкер катталды, анын ичинен 2 аял.
Белгилей кетсек, үч шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июну, жекшембиге белгиленген.
Бул убакыт аралыгында үгүт иштери төмөнкүдөй ишке ашырылат:
• Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
• Үгүт багытында коомдук иш-чараларды өткөрүү аркылуу (митинг, чогулуш, теледебаттар), бирок калктуу конуштардын спорттук аянтчалары менен көчөлөрүндө концерт, театрлардаштырган оюн-зоокторду жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;
• басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;
• Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда;
Шайлоого 29 талапкер катталды. Талапкерлердин тизмеси төмөнкү шилтемеде: https://www.shailoo.gov.kg/ru/news/7386/
Талапкерлер жана алардын программалары тууралуу толук маалыматты "Талапкер" сайтынан таанышсаңыздар болот: http://talapker.shailoo.gov.kg/
Шайлоочулар жана талапкерлер БШКнын башка маалымат ресурстарынан да керектүү маалыматты ала алышат:
- “Тизме” мамлекеттик порталы (https://tizme.gov.kg/), ал шайлоочулардын учурдагы тизмеси менен шайлоо участкалары боюнча таанышууга мүмкүндүк берет;
- "Шайлоо участкалары жана округдары" географиялык маалымат системасы (https://gisuiktec.shailoo.gov.kg/Map),
- БШКнын маалыматтарынын жана кол менен эсептөөнүн негизинде шайлоочулардын катышуусун жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын карап чыгуу үчүн шайлоо маалыматтык системасы (https://newess.shailoo.gov.kg/ru/home),
- “Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ачык маалыматтары” веб-ресурсу (https://shailoo.gov.kg/ru/otkrytye-dannye-cik/), анын ичинде шайлоолор жана референдумдар боюнча статистика.