КР БШКнын 2024-жылы 7 - июнунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

06 июня 2024

Өткөрүү датасы: 7-июнь 2024-ж.

Убактысы: 10:00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. Ирина Юрьевна Карамушкинаны №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө

(баяндамачы– Закиров А.М. шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)

2. Милан Калыбекович Турпановдун №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө

(баяндамачы– Закиров А.М. шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)

3. №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Казыбек Кочкорович Эргешовдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

(баяндамачы– Закиров А.М. шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Чаткал жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы– Закиров А.М. шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)

5. №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.С. Турусбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

(баяндамачы– Закиров А.М. шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)

6. №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыбек Асамидинович Мариповдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(баяндамачы– Закиров А.М. шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)

7. №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыбек Сагындыкович Турусбековдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(баяндамачы– Закиров А.М. шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)

8. Ар кандай маселелер

ТӨРАГА