КР БШК М.Т. Бектемированы №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталды

03 июня 2024

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 3-июнундагы жыйынында Бектемирова Мээрим Туратбековна Свердлов №29 шайлоо округу боюнча боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Талапкерге атайы үлгүдөгү күбөлүк тапшырылды.

Чечим талапкерлер, саясий партиялар тарабынан 2024-жылдын 30-майындагы шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде кабыл алынды. Талапкер мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берет.