Бир мандаттуу үч шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
02 июня 2024
2024-жылдын 30-июнунда саат 24.00дө №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары үч шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин блидирип 44 жаран арыз берген.
2024-жылдын 30-июнун 24:00 саатына карата шайлоо өнөктүгүнө катышуу ниетин төмөндөгүлөр билдиришкен:
- №5 Ноокат округу боюнча - 12 талапкер, анын ичинен 1 аял,
(Талапкерлигин көргөзгөн кандидаттардын тизмеси)
- №36 Ысык-Көл округу боюнча - 20 талапкер,
(Талапкерлигин көргөзгөн кандидаттардын тизмеси)
- №29 Свердлов округу боюнча - 12 талапкер, анын ичинен 2 аял (Талапкерлигин көргөзгөн кандидаттардын тизмеси)
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 2-июнунан саат 18:00дөн кечиктирбестен талапкерлер (ыйгарым укуктуу өкүлдөр) каттоо үчүн тѳмѳндѳгү документтердин толук пакетин бериши керек:
- шайлоо күрөөсү төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- иштеген же окуган жеринен маалымкат;
- бекитилген формага ылайык ѳмүр баяны жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалымат.
БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карап чыгып, 2024-жылдын 10-июнуна чейин депутаттыкка талапкерлерди каттоону жүргүзѳт.
Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин, 2024-жылдын 10-июнан тартып эң активдүү этап - шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат, ал 2024-жылдын 29-июнунда саат 8:00дө аяктайт.