Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бошогон депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
20 мая 2024
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Нарын шаардык, Кочкор, Нарын, Талас шаардык, Токмок, Сокулук, Сүлүктү, Баткен шаардык жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жеке арыздарынын негизинде 6 айылдык жана 4 шаардык кеңештин 10 депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Депутаттын каза болгондугуна байланыштуу 1 айылдык кеңештин 1 депутатынын ыйгарым укуктары токтотулду.
«Ынтымак» парламенттик фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жолдошбекова Наргиза Камчыбековнанын (3) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Ынтымак» саясий партиясынан Токомбаева Айгүл Өмүрбековнага (9) берилди
Нарын шаардык кеңешинин «Бийлик Элге» парламенттик фракциясынан депутаты Турдубек уулу Акылбектин (5) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Бийлик Элге” саясий партиясынан Кубатбеков Сади Кубатбековичке (7) берилди;
Кочкор районундагы Чолпон айылдык кеңешинин (№ 4 Эпкин шайлоо округу) депутаты Жеңишбеков Чолпонбек Абракмановичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жетигенов Тилек Медетовичке берилди;
Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин депутаты Жусубалиева Назгүл Токтобековнанын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кайбылдаев Асылбек Салымбековичке берилди;
«Асыл Мурас-Жаштар» депутаттык фракциясынан Талас шаарынын депутаты Жыргалбаев Кубан Жыргалбаевичтин (7) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясынан Жусупов Шабдан Талантбековичке (7) берилди;
Токмок шаарынын депутаттары “Асыл Мурас-Жаштар” фракциясынан Насеков Айбек Рысбековичтин (10), “Асыл Мурас-Жаштар” фракциясынан Арлиев Рахи Арлиевичтин (11) депутаттык ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Мандаттар «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясынан Замирбеков Максат Замирбековичке (13), «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясынан Момуналиев Уметалы Кубатбековичке (14) берилди;
Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавлов айылдык кеңешинин депутаты Османов Александр Байрамовичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Акматов Арафат Кудайбергеновичке берилди.
Сүлүктү шаардык кеңешинин «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан депутаты Акимбеков Замирбек Кутбидиновичтин (4) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Ыйман Нуру» саясий партиясынан Абдибахапов Асылбек Бердымуратовичке (6) берилди;
Баткен шаардык кеңешинин “Ала-Тоо кыргыз жери” фракциясынан депутаты Гапаров Исмаил Тургунбаевичтин (20) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандан “Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясынан Абдикаримов Саатбек Жигиталиевичке (26) берилди;
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылдык кеңешинин депутаты Калимбетов Талантбек Дарманкуловичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат Мирзахмедова Самарбү Абдухалиловнага берилди.