КР БШК 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады.

17 мая 2024

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп (СӨМ), Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме" порталында жайгаштырды - https://tizme.gov.kg/.

№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча алдын ала тизмедеги шайлоочулардын саны 122 951, анын ичинен 52 270 эркектер жана 70 681 аялдар же 42,52% жана 57,48%

Шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы СӨМ менен (калкты катоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) КБМРиндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында өз ара аракеттешип, шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырууну күн сайын жүргүзөт.

 Шайлоочулардын алдын ала тизмелери 2024-жылдын 22-майына чейин 60 шайлоо участокторунда илинет.

 

Урматтуу шайлоочулар!

2024-жылдын 19-июнуна чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg» сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2024-жылдын 19-июнуна чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.