КР БШК жамааты жалпы шаардык ишембиликке катышты

04 мая 2024

Бүгүн, 4-майда Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек шаарында ишембилик өткөрдү.

Иш-чарага Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги жана аппараттын кызматкерлери катышты.

Тазалоо иштери Абдрахманов көчѳсүнѳн Тоголока Молдо кѳчѳсүнүн түштүк тарабын бойлото БЧКнын боюндагы атайын бөлүнгөн тилкеде жүргүзүлдү.

Ишембиликтин жүрүшүндө бѳлүнгѳн аянт ар кандай таштандылардан тазаланды. Ошентип БШКнын жамааты өлкөдөгү туруктуу тазалыкты сактоого салым кошууда.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 11-мартынан 11-майына чейин Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. Эки айлык планга ылайык, бардык мамлекеттик мекемелер жума сайын тазалоо иштерин жүргүзүүсү зарыл.

 

Маалымат бѳлүмү

-