БШК №2 Баткен шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын аныктады жана Калпаев Бактияр Алиевичти шайланган депутаты деп тааныды
05 мая 2024
2024-жылдын 3-майында Борбордук шайлоо комиссиясы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктады.
Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 81 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 379 шайлоочу киргизилген.
№2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 10 талапкер катталган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 10 талапкер катышты.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда 8 арыз жана даттануу түшкөн (Шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ – 2, КГОР-6).
Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралды жана алар боюнча чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Борбордук шайлоо комиссиясы КР ИИМ ТКнын, Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Баткен облусунун прокуратурасынын өкүлдөрүнүн маалыматын укту. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү мыйзам бузуулар жана/же мындай бузууларга талапкерлердин катыштыгы бар экендиги жөнүндө материалдар болгон жок.
Даттануулар жана арыздар тууралуу маалыматтар менен ушул шилтемелер боюнча таанышса болот: https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-deputatov-zhk-kr-28-aprelya-2024-goda/.
Баткен округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 1-майындагы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, 2024-жылдын 28-апрелинде 28508 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 25,30% түздү.
Талапкерлер шайлоочулардлын төмөнкүдөй добуштарды алышты:
1. Салихов Кеңеш Каримович - 3698 добуш (12,9 %);
2. Мадалиев Асылбек Алтымышович - 3658 добуш (12,8 %);
3. Кожонов Замирбек Ырысбаевич - 3614 добуш(12,6 %);
4. Ойтемиров Махмуд Гиесович - 1848 добуш(6,4 %);
5. Раимкулов Аширбай Омурзакович - 869 гдобуш (3,0 %);
6. Нишанбаев Тургунбай - 377 добуш (1,3 %);
7. Калпаев Бактыяр Алиевич - 11830 добуш(41,4 %);
8. Каработоев Джалил Исакович - 1180 добуш (4,1 %);
9. Сатаров Акимали Сатыбалдыевич - 725 добуш (2,5 %);
10. Шадыманов Бакытбек Адылбекович - 398 добуш (1,4 %);
11. “Баарына каршы” позициясы үчүн 110 шайлоочу добуш беришти (0,4 %).
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликкее алып, Борбордук шайлоо комиссиясы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды жана № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Калпаев Бактияр Алиевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды.