№2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү башталды

28 апреля 2024

2024-жылдын 28-апрелинде саат 08.00дө Баткен №2, Ош №7 жана
Кара-Суу №9 бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүү башталды жана кечки саат 20.00гө чейин уланат.

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекованын маалыматына ылайык, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо округу боюнча 198 шайлоо участкасы ачылды.

Добуш берүү үчүн шайлоочулар Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун же «Түндүк» уюлдук тиркемесинде ишке ашырылган электрондук документти колдоно алышат.

Биротоло шайлоочулардын тизмесине жалпы 349 798 шайлоочу киргизилген.

Бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 36 420 шайлоочуга өстү.

№2 Баткен шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны – 112 379, эркектер – 56 541, аялдар – 55 838 же 50,31% жана 49,69%;

7 Ош шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны – 125 386, эркектер – 58 664, аялдар – 66 722 же 46,79% жана 53,21%;

9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны – 112 033, эркектер – 54 436, аялдар – 57 597 же 48,59% жана 51,41%;

Шайлоочулардын тизмеси жөнүндө маалыматты «Тизме» мамлекеттик порталынан таанышсаңыздар болот, ошондой эле өзүңдүн шайлоо участогуңдун дарегин 1255 же 119 номерине чалуу менен тактасаңыз же болбосо паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен 119 номерине акысыз СМС жиберүү аркылуу тактасаңыз болот.

Жалпысынан 350 183 шайлоо бюллетендери даярдалган. Кыргыз тилинде 310 789 бюллетень, орус тилинде 39 394 бюллетень, 198 бюллетень Брайль арибинде. басылып чыкты.

Үч шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө шайлоочуларга сырттан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча жалпысынан 687 арыз түшүп, анын ичинен 606 шайлоочу добуш берип, 88,20%ды түзгөн.

Шайлоочуларды маалымдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан 349 798 билдирүү даярдалып, шайлоочуларга таркатылган.

Билдирүү ар бир шайлоочуга добуш берүү күнү, шайлоо участогунун дареги жана номери жөнүндө маалымдайт, ошондой эле тийиштүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин камтыйт. Байланыш маалыматы да берилген, анда сиз кандайдыр бир суроолоруңуз болсо кайрыла аласыз.

Жалпысынан үч шайлоо округдары боюнча шайлоого
29 талапкер катышууда, анын ичинен 1 аял талапкер:

№2 Баткен шайлоо округу боюнча – 10 талапкер;

№7 Ош шайлоо округу боюнча – 12 талапкер, анын ичинен 1 аял талапкер;

№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча – 7 талапкер.

Шайлоочулар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалыматты «Талапкер» маалымат ресурсунан жана шайлоо участкаларында илинген плакаттардан тааныша алышат.

Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында Баткен, Ош жана Кара-Суу округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын өткөрүшкөн.

2024-жылдын 17-апрелинен 26-апрелине чейин «Ош УТРК» жана «Баткен УТРК» телеканалдарында үч округда Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин дебаттары өткөн. Дебат түз эфирде көрсөтүлдү.

Талапкерлердин ортосунда мыйзам мыйзамдын алкагында шайлоо өткөрүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

 

Мыйзамдуулукту жана жарандардын укугун коргоону камсыз кылуу үчүн курамына шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү жана укук коргоо органдарынын ѳкүлдѳрү кирген ыкчам чара кѳрүү координациялык тобу түзүлгѳн,

 

БШК ЫЧКТ шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна туруктуу мониторинг жүргүзүп келет жана кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ токтоосуз маалымдайт.

 

Эгерде Сиз бузууларга күбѳ болсоңуз 1255 номери боюнча, 0(312) 660240-ишеним телефону боюнча, WhatsApр - 0990 04-12-55; 0707 01-12-55 боюнча кайрылсаңыз болот.

 

БШК шайлоого активдүү катышууга жана татыктуу депутатты шайлоого чакырат!