Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровдун ыйгарым укуктары токтотулду

26 апреля 2024

2024-жылдын 26-апрелинде КР БШКга “Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К. Мадумаровго карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы айыптоо өкүмү келип түшкөн.

Өкүм Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында прокуратура, ички иштер жана коопсуздук органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралды.

Депутат Мадумаров А.К. жолугушууга чакырылган, бирок катыша албай тургандыгын билдирген.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин нормаларына ылайык, бул өкүм 2024-жылдын 26-апрелинде күчүнө кирген.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасынын өкүлүнүн маалыматы угулду, ал соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүү тартиби боюнча суроолорго жооп берип, ошондой эле Биринчи Май райондук сотунун аталган чечимине карата А.К. Мадумаров же анын мыйзамдуу ѳкүлү тарабынан белгиленген 30 күндүк мөөнөттө апелляциялык даттануунун жоктугу тууралуу маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, “Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

8) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;”

“3. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен кабыл алынган Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.”

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинде, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда мөөнөтүнөн мурда токтотула тургандыгы белгиленген.

Ушул сыяктуу негиздер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди ишке ашыруунун тартиби, анын ичинде ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 134-беренесинде каралган.

Мында ушул Мыйзамдын 134-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык:

“Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү арыздын же сунуштун негизинде депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карайт”, бул учурда “Айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, сот тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына сунушталат”.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Мында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү