ЖАШ ЖАРАНДЫН МЕКТЕБИ!

24 апреля 2024

КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору Чүй облусунун Кант шаарындагы «Уникум Кидс» билим берүү комплексинин окуучулары үчүн «Жаран жана мамлекет» деген темада жаш жарандын мектебинде кезектеги лекциясын өткөрдү.

Мектеп окуучуларына жарандын мамлекет менен ѳз ара маанилүү байланышы түшүндүрүлүп, шайлоо институту, жарандын укуктары жана милдеттери, шайлоонун маанилүүлүгү тууралуу айтып беришти.

Өз жашообузда күн сайын кичине болобу же чоң болобу тандоо жасайбыз. Биздин бүткүл жашообуз - тандообуздун көрсөткүчү.

Кыргыз Республикасынын эли - эгемендүүлүктүн ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы. Президент жана Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын элинин атынан чыгууга укуктуу. Дал ушул шайлоолор аркылуу Президент жана Жогорку Кеңеш шайланат.

Мектеп окуучулары шайлоо элдин эркинин чагылышы экенин түшүнүштү! Кандай гана тандоо болбосун, күнүмдүк турмушта болобу, же Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо болобу, бул өтө маанилүү, анткени ал акыры келип биздин жашообузга таасирин тийгизет.

Мектеп окуучуларына шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылган шайлоо технологияларынын иштеши, добуш берүүнүн жол-жобосунун модели кѳрсѳтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсия иш-чаранын практикалык бөлүгү болду. Мектеп окуучулары Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышып, парламенттин ишмердүүлүгү жана тарыхы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Жаштар депутат М.Маматалиев менен жолугушуп, балдар депутаттын иши жана ѳз аймактарын өнүктүрүү боюнча кызыктырган суроолорун беришти.

Өз кезегинде депутат мектеп окуучуларына активдүү катышкандыктары, кызыктырган суроолору үчүн ыраазычылык билдирип, алардын ар бирине окууларында жана турмушунда ийгиликтерди каалады.

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жаштарды Жаш атуул мектебине катышууга чакырат, ошондой эле билим берүү мекемелерин жана бардык кызыкдар тараптарды кызматташууга чакырат.

Суроолор боюнча 1255, +312 620171 телефондору же bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы аркылуу байланышсаңыз болот.