КР БШК Рустамбек уулу Советбек КР Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын ѳткѳрдү
22 апреля 2024
2024-жылдын 22-апрелинде КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандатын “Ишеним” саясий партиясынан катталган талапкерлердин ичинен кийинки талапкер Рустамбек уулу Советбекке өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Рустамбек уулу Советбек “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды.
Депутатка белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.