№7 Ош шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары өтүүдө
17 апреля 2024
Ош шаарындагы №7 Ош округунда шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында 2024-жылдын 15-апрелинен тартып Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары өтүүдө.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Ош округдук шайлоо комиссиясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жолугушуулар өткөрүлүп жатат.
Ош шаарындагы №7 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 14 талапкер катталган.
Талапкерлер шайлоочуларга шайлоо алдындагы программаларын тааныштырып, шайлоочулардын суроолоруна жооп беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө райондун турмушунун социалдык, экономикалык жана экологиялык жагдайларын камтыган бир катар маселелер талкууланууда.
Ош округдук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин жолугушууларына төмөнкү график боюнча катышууга чакырат:
18.04.2024-жылы саат 17:30, Ош шаары, «Жапалак» маданият үйү;
19.04.2024-жылы саат 17:30, Ош шаары, №41 Х.Абдуллаев атындагы орто мектеби, соң зал.
2024-жылдын 28-апрели - №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү.
Талапкерлер тууралуу маалымат берүү максатында “УТРК Ош” каналында дебаттар өткөрүлөт.
БШК шайлоочуларды «Талапкер» маалымат ресурсунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалымат менен таанышууга чакырат.