№2 Баткен шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары өтүүдө
17 апреля 2024
№2 Баткен округу боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында 2024-жылдын 15-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары өткөрүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Кадамжай районунун Халмион жана Жаны-Жер айылдарында, Баткен районунун Ак-Татыр айылдында жолугушуулар болуп өттү.
Жолугушуулар Баткен округдук шайлоо комиссиясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөрүлүүдѳ.
№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 10 талапкер катталган.
Талапкерлер шайлоочуларга шайлоо алдындагы программаларын тааныштырып, шайлоочулардын суроолоруна жооп беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө райондун турмушунун социалдык, экономикалык жана экологиялык жагдайларын камтыган бир катар маселелер талкууланууда.
Ош округдук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин жолугушууларына төмөнкү график боюнча катышууга чакырат:
18.04.2024жылы саат 10:00, Баткен шаары, драма театры;
19.04.2024-жылы саат 10:00, Баткен районунун Кара-Бак айылында маданият үйү ;
21.04.2024-жылы саат 10:00, Баткен районунун Боз-Адыр айылында маданият үйү.
2024-жылдын 28-апрели - №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү.
Талапкерлер тууралуу маалымат берүү максатында “УТРК Баткен” каналында дебаттар өткөрүлөт.
БШК шайлоочуларды «Талапкер» маалымат ресурсунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалымат менен таанышууга чакырат.