КР БШКнын 2024-жылы 12-апрелинде өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

12 апреля 2024

Өткөрүү датасы: 12-апрель 2024-ж.

Убактысы: 15-30.

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. У.Т. Тайирбековду жана Т.М. Доорбековду №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекболот Осконбаевич Арзибаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

 

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Кара-Суу, Аламүдүн, Жайыл, Тоң, Ак-Суу, Түп, Ат-Башы, Сузак жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

 

3. Ар кандай маселелер