“Жарандык билим – Кыргыз Жараны жарандык иденттүүлүктү илгерилетүүнүн ѳбѳлгѳсү” деген темадагы тегерек стол

02 апреля 2024

2024-жылдын 2-апрелинде Улуттук тарых музейинде “Жарандык билим – Кыргыз Жараны жарандык иденттүүлүктү илгерилетүүнүн ѳбѳлгѳсү” деген темада тегерек стол болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - КР БШК) жана “PeaceNexus” фондунун көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын максаты – калкка маалымдоо жана Жарандык билим берүү системасы аркылуу Кыргыз Жараны жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен катышуучуларды тааныштыруу болуп саналат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, мамлекеттик органдардын, окуу жайлардын, илимий коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышты.

Шайлоо жаатында “Кыргыз жараны” концепциясы олуттуу мааниге ээ. «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашырууга багытталган иш-чаралар Кыргызстандын активдүү, жоопкерчиликтүү жана аң-сезимдүү жаранын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР БШК Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана PeaceNexus фонду тарабынан төмөндөгүлөр иштелип чыкты жана сунушталды:

- Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу боюнча 9-11-класстарда класстан тышкаркы жана тарбиялык иштерди уюштуруу боюнча жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери үчүн усулдук колдонмо.

Дал ушул мезгилде жаштардын дүйнө таанымы калыптанат, алдына максат коюп, жаран катары өз укуктарын жана милдеттерин түшүнө баштайт.

- Кыргыз Республикасынын Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун жана университеттердин базасында Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу боюнча калк үчүн усулдук колдонмо.

Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар резолюция кабыл алышты, анда бардык кызыкдар тараптардын күч-аракетин мындан ары илгерилетүүнүн жана бириктирүүнүн, Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына Кыргыз Жараны жарандык иденттүүлүгүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдоонун маанилүүлүгү белгиленди, ошондой эле иштелип чыккан методикалык колдонмолорду Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында кеңири колдонуу боюнча сунуштар берилди.