Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

23 марта 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы Ысык-Ата, Чаткал жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

3 депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандат жергиликтүү кеңештин жаңы 3 депутатына берилди.

«Ата Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясынан Кербен шаардык кеңешинин депутаты Туралиева Алчакан Танабаевнанын (9) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абыганиева Кундузхан Абдисаматовнага (11) “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан;

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата айылдык кеңешинин (№ 4 шайлоо округу) депутаты Теңизбаев Камбарбек Асипбаевичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жакиев Урмат Дюшеналиевичке;

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айылдык кеңешинин (№1 Сумсар шайлоо округу) депутаты Жерембаев Алтынбек Ибраимжановичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Курмантаев Нурдин Туралиевичке;

КР БШК маалымат бөлүмү