Кара-Суу шаарында Кара-Суу райондук шайлоо округунда шайлоодо мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды
18 марта 2024
Бүгүн, 2024-жылдын 18-мартында, Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровдун төрагалыгы алдында №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулуктун сакталышы жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча ыкчам чара кѳрүү боюнча координациялык топтун (ЫЧКТ) кеңешмеси өткөрүлдү.
Жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаров жана Кара-Суу шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.
Т.У. Шайназаров шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү жана укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу коомчулукка маалымдоо ЫЧКТнын негизги милдеттери экенин белгиледи.
Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоочулардын эркин билдирүүсү үчүн шарттарды жана талапкерлерге шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.
Шайлоону уюштурууга ар тараптан жардам беруу менен бирге башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишууге жол бербѳѳгѳ тийиш.
Т.Шайназаров талапкерлердин кызыкчылыгы үчүн административдик ресурсту мыйзамсыз колдонууга жана добуштарды сатып алууга каршы таасирдүү чараларды көрүүнү жана алдын алуу маселелерин укук коргоо органдарынын маанилүү артыкчылыктуу милдети катары белгиледи.
Жыйындын соңунда ЫЧКТнын катышуучулары шайлоо мыйзамдарын бузууга жол бербөөнүн жана макулдашылган биргелешкен чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Шайлоо мыйзамдары бузулган учурда ЫЧКТга жана Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясына кайрылсаңыздар болот:
- кыска номери-1255;
- WhatsApp номери: 0990 02- 12- 55; 0 (502) 00-12-55;
- Ишеним телефону - 0312 62-63-24;
- электрондык дарек: kgor_cec@shailoo.gov.kg.
КР БШКнын коомдук кабылдамасы: 0312 66-02-40