Борбордук шайлоо комиссиясы Кара-Суу, Баткен жана Ош округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окуу өткөрүүдө

18 марта 2024

2024-жылдын 18-мартынан 20-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кара-Суу, Баткен жана Ош округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окуу өткөрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 60 жана 2024-жылдын 14-мартындагы № 77 жарлыктарына ылайык, №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу, №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 28-апрелине белгиленген.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштурууга округдук шайлоо комиссияларынын 41 мүчөсү жана участкалык шайлоо комиссияларынын 2505 мүчөсү тартылган. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 198 шайлоо участогу ачылган.

Округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү ушул шайлоолордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен шайлоо процессинин негизги маселелери боюнча окутулат. Бул максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү темалар боюнча окуу модулдарын иштеп чыккан:

  • Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

  • Округдук шайлоо комиссиясынын ишинин принциптери жана ыйгарым укуктары. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу топтору менен өз ара аракеттенүү;

  • Талапкерлердин шайлоо фондун түзүүнүн тартиби, шайлоо күрөөсү, финансылык ачык-айкындык;

  • Маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби. Шайлоо комиссиялары тарабынан арыздарды жана даттанууларды кароонун тартиби;

  • Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо комиссиялары тарабынан аныктоонун тартиби.

Окуу процесси шайлоо өнөктүгү учурунда болгон реалдуу окуялардан мисалдары менен тажрыйба алмашуу, суроо-жооп түрүрндѳ жүргүзүлөт.

 

Маалымат иртеинде: 2024-жылдын 22-мартынан 29-мартына чейин №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунун, №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунун жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунун 198 участкалык шайлоо комиссияларынын 2505 мүчөсү үчүн окуу өткөрүлөт.