Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

15 марта 2024

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-мартындагы Жарлыгына ылайык, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 28-апрелине, жекшембиге дайындалды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, “Тийиштүү шайлоо округдарында чыгып кеткендердин ордуна бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде ушул конституциялык Мыйзам менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт”.

Аталган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн бир округдук шайлоо комиссиясы жана 55 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлдү.

Маалымат үчүн:

Өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 13-мартындагы токтому менен №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонов Айбек Жапаровичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.