БШКда “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик» деген темада тегерек стол болуп ѳттү

17 марта 2024

14-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Жаштар жана шайлоолор. Келечек үчүн жоопкерчилик» деген темада тегерек стол ѳткѳрүлдү

Тегерек столду Кыргызстандын жаштар парламенти Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте уюштурган.

Иш-чарага КР БШКнын төрагасы Н.К. Шайлдабекова, КР БШКнын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеев, КР БШК мүчөлөрү А.Г. Бекматов, А.С. Жупуева, Жаштар парламентинин депутаттары, Жарандык идеялар фондунун өкүлү А.Аманова, студенттик кеңештин өкүлдөрү жана жаш активисттер катышты.

Тегерек столдун негизги максаты - өлкөнүн келечегин калыптандыруудагы жаштардын ролу, мамлекеттин шайлоо процесстерине алардын активдүү катышуусунун зарылдыгы жөнүндө жаштар арасында маалымдуулукту жана түшүнѳ билүүнү жогорулатуу болуп саналат.

Тегерек столду Кыргызстандын жаштар парламентинин төрагасы Тынчтык Бегимбай уулу алып барды.

Ал жаштардын шайлоого катышуусу үчүн шарттарды жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле жаш лидерлер бул маселе боюнча өз ара аракеттенүүгө жана чараларды кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова өз сөзүндө жаштардын шайлоого катышуусун кеңейтүү боюнча иш алып баруу БШКнын маанилүү артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.

БШК жаш шайлоочуларга шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана алардын тандоосуна аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу үчүн шайлоо процесстери боюнча жаштардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

Тегерек столдун катышуучуларына 2023-жылы жергиликтүү кеңештерди шайлоодо электрондук жана аралыктан добуш берүүнү апробациялоо студенттердин активдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруунун мүмкүн болгон варианттарынын бири болгону айтылды.

БШК жаш шайлоочуларды активдүү болууга жана талапкер, шайлоочу, байкоочу жана шайлоо комиссияларынын мүчөсү катары шайлоо процесстерине катышууга чакырды.

 

Маалымат иретинде:

Шайлоочулардын жалпы саны (2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоо мезгилинде) 3 703 420 адамды түздү, анын ичинен 18 жаштан 30 жашка чейинки 1 201 533 (32%) жарандар жаш шайлоочулардан болду.

 

Шайлоочулардын жалпы санынын ичинен 1 295 364 (35%) жаран шайлоого катышты, анын ичинен 246 802 (19%) адам жаш шайлоочулар болуп саналат.

 

Эгерде жаш шайлоочулардын жалпы санына карата шайлоого катышкан жаш шайлоочулардын бардык санын ала турган болсок, анда алардын активдүүлүгү 20,5% түздү.

 

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы №157 “Жаштар жөнүндө” жаңы Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу жаштардын курагы 35 жашка чейин жогорулады. Бул мыйзам 2024-жылдын 8-февралында күчүнө кирген.

 

Азыр республика боюнча шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө жаш шайлоочулардын (18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы) үлүшү 43,57% түзѳт, бул 1 735 417 адам.

 

Жаштар парламентинин вице-спикери Асан Арстанбеков өз баяндамасында жаштардын шайлоого катышуусунун жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча ЖП сунуштары менен тааныштырды. Ошентип, Жаштар парламенти республиканын жогорку окуу жайларынын жана башка окуу жайларынын аймактарындагы шайлоо участкаларында 266 миң студентке каттоо же добуш берүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле аралыктан электрондук добуш берүүнү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштоодо.

 

КР БШК тѳрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев өсүп келе жаткан муундарга кайрылып, алар Кыргызстандын келечеги экенин белгилеп, алардын өлкөнүн жана жаштардын келечектеги өнүгүүсүнө таасир этүүчү процесстерге катышуу абдан маанилүү экенин белгиледи.

 

Тегерек столдун практикалык бөлүгү шайлоо технологияларын колдонуу менен катышуучулар үчүн моделдик добуш берүү менен аяктады, мында добуштарды эсептөөнүн тактыгы жана ишенимдүүлүгү көрсөтүлдү.

Жаш активисттер БШКнын төрагасына кызыккан суроолорун берип, кеңири жоопторду ала алышты.

Иш-чаранын соңунда биргелешкен резолюция кабыл алынды, анда Кыргызстандын жаштар парламенти менен КР БШКнын ортосундагы келечектеги кызматташуунун негизги багыттары белгиленди.

 

ЖОЖдордо дебат клубдарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, жаштардын шайлоо комиссиясын түзүү, жаштардын шайлоого катышуусуна жардам берүү үчүн ыктыярдуу жаштар демилгеси жана башка көптөгөн маселелер кызматташташуунун багыттарынан болду.